Илим Карыпбеков Финполицияга сурак берип чыкты

  • 5 лет мурун

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Илим Карыпбеков «Манас» аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди.

«Бишкектеги «Манас» аэропортун жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат», — деди Илим Карыпбеков. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Илим Карыпбеков Коомдук телеканалды жетектегенге чейин «Манас» эл аралык аэропортунун курамына кирген Бишкектеги аэропорттун директору болуп эмгектенген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты