Кампада чыккан өрт түн ортосунда өчүрүлдү

  • 5 лет мурун

Чокан Валиханов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт түнкү саат 1.21де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 22-август күнү саат 18.42де Бишкек шаарынын чыгыш тарабында өрт чыккан. Кийин ал кампа кытай ишкерлерине тиешелүү экени, анда кездеме сакталып турганы айтылган.

«Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2800 чарчы метрди түзгөн азык-түлүк, кездеме жана пластик түтүкчөлөрдү сактоочу кампа күйдү. Бир адам жеңил жаракат алган», — деп айтылат билдирүүдө.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты