Мэриянын жаңы департаментине кызматкерлер керек

  • 5 лет мурун

Бишкек мэриясы шаар куруу жана архитектура боюнча жаңы департамент ачып, ага кызматкерлерди издеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

«Мындан ары шаарды пландоо боюнча системалуу иш алып барчу департаментке куруучулар, архитекторлор жана урбанисттерди издеп жатабыз», — деп айтылат маалыматта.

Укуктук камсыздоо жана анализ бөлүмүнө:

  • Бөлүм башчы;
  • Эки башкы адис;
  • Эки алдыңкы адис;
  • Бир адис.

Шаар куруу саясаты, архитектура жана курулуш бөлүмүнө урбанистика жаатында тажрыйбасы бар адистер чакырылат:

  • Бөлүм башчы;
  • Эки башкы адис;
  • Эки алдыңкы адис;
  • Эки адис.

Документация, маалыматтык камсыздоо жана кадрларды каттоо бөлүмү:

  • Бөлүм башчы;
  • Кадрлар боюнча башкы адис;
  • Маалыматтык технологиялар боюнча башкы адис;
  • Бир алдыңкы адис;
  • Бир адис.

Керектүү документтер:

  • Кызмат орду көрсөтүлгөн арыз;
  • Эки даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт;
  • Резюме;
  • Өмүр баяны (соттолгон же соттолбогондугу тууралуу маалым каты менен);
  • Диплом жана эмгек китепчелеринин көчүрмөсү (нотариуста тастыкталган).
  • Кошумча суроолор менен 0709 629327 номерине кайрылууга болот.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты