“КТ Мобайл” уюлдук компаниясы ишин баштады

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда буга чейин чуу жараткан мамлекеттик “КТ Мобайл” уюлдук компаниясы ишин баштады.

Быйыл май айында өлкөдө чуу жаратып, депутаттык комиссия түзүүгө чейин жеткен «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасына караштуу «КТ Мобайл» оператору ишин баштады.

«Салам» деген соода бренди менен иштей баштаган уюк оператору 15-августтан тарта SIM-карталарды сатыкка чыгарды.

Компаниянын маалымат кызматынын өкүлү Чынара Усупбаеванын айтымында, ушул тапта уюлдук оператор сыноодон өтүп жатат:

«Салам» уюлдук оператору 15-августта ишин баштады. Ушул аптанын жума күнүнө чейин (23-август) апробация жүрүп жатат. Бардык сыноолордон өтүүдө. Учурда SIM-карталар «Мегакомдун» соода түйүндөрүндө сатылып жатат. Бул мезгилге чейин 300гө жакын SIM-карта сатылды».

Усупбаева жаңы ишке кирген оператордун өзгөчөлүгү катары «Кыргызтелеком» ишканасынын стационардык телефондору менен байланышта иштеп, мобилдик телефондон акысыз чалууга мүмкүнчүлүк ачылганын кошумчалады.

«Салам» өз алдынча техникалык тейлөө борборун курбайт. Мамлекеттик «Альфа Телеком» компаниясынын техникалык жабдуусун, станцияларын колдонот. Ошондуктан, виртуалдык оператор катары иш жүргүзөт.

Буга чейин дал ушул виртуалдык оператор эмес, өз алдынча толук кандуу уюлдук компания болуу планы «Альфа Телеком» менен «КТ Мобайлдын» ошол кездеги жетекчилигинин ортосундагы чырга негиз болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты