Бишкекте жол кырсыктар 52% азайды

  • 5 лет мурун

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видеокөзөмөл орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны 52% азайды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

21-августта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» (ББР) автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине мониторинг жүргүздү.

Бүгүнкү күнгө карата “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежеси бузулган 400 миңден ашуун учур катталганы маалым болду. Анын 178 миңдейи боюнча 200 млн сомдон ашуун айыппул төлөндү.

Чүй облусунда аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде жол кырсыктары 70% чейин кыскарды.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында быйыл автожолдорго видеокөзөмөл орнотула баштады. Жол эрежесин бузган айдоочуларга түрдүү өлчөмдөгү айыппул каралган. Учурда өкмөт айыппулдарды кыскартуу жолдорун караштырып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты