Провокациялык аудиолорду жайылткан жаран аныкталды

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2019-жылдын 25-августунан 13-сентябрь айларында массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан Ю.П. аттуу КР жараны аныкталды.

Такталган боюнча, ал ар кандай ушактарга ишенип аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү тез социалдык тармактарга тарап кеткен.

Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн жасаган иш аракетине өкүнүп туура эмес иш кылганын мойнуна алыды. Ошондой эле өлкөбүздүн жарандарынан кечирим сурады.

Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө аны менен профилактикалык маек өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты