Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

  • 5 лет мурун

Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карайт. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева билдирди.

Буга чейинки сот 16-июлга белгиленип, судья иштин көлөмү чоң экенине байланыштуу жараяндын мөөнөтүн жылдырган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп, бирок мурдагы сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырылган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты