Бүгүн аба ырайы кандай болот?

  • 5 лет мурун

21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36 градус ысык болот.

Күндүн табы Ысык-Көлдө +18…+23, Нарында +20…+25, Таласта +27…+32 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарында күн ачык болуп, температура +34…+36 градуска чейин жетет.

Ал эми Чолпон-Атада шаарында +20…+22 градуска жетип, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты