«Коопсуз шаар» долбооруна Данияр Үсөновдун компаниясы катышып жатабы?

  • 5 лет мурун

Орусиялык БИС компаниясы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен байланышы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Ишкананын расмий өкүлү Юрий Катютин 20-августта «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып бул тууралуу интернетте тараган кабарды фейк деп атады:

— Бул фейк маалымат. Сынакка катышканда бүт документтерди көрсөткөнбүз. Ал жерде бардык акционерлердин тизмеси да келтирилет.

БИС компаниясы Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд сомго бааланган тендерге катышып жаткан үч ишкананын бири. Сынактын жыйынтыгы 23-августта белгилүү болот.

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видео байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Кийин ал Данияр Урицкий деген ат менен Беларуста бизнес жүргүзөрү кабарланган.

20-августта социалдык түйүндөрдө БИС компаниясы Данияр Үсөновго таандык деген маалымат тарады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты