Нураида Анаркулова күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

  • 5 лет мурун

Кыргызстандык балбан кыз Нураида Анаркулова ушул күндөрү Эстониянын борбору Таллин шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтында жазылгандай, Анаркулова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 57 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алгачкы беттешинде жапониялык Акие Ханайга жеңилип, бирок атаандашы финалга чыкканына байланыштуу Анаркулова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн болгон биринчи беттешинде болгариялык Таня Теневаны, андан соң индиялык балбан кыз Барти Багелди утуп коло байгенин ээси болду.

Нураида Анаркулова 9-14-июль күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль тагынган.

Ал эми 15-августта Мээрим Жуманазарова (68 кг) жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан. Жуманазаровадан сырткары ушул эле күнү мелдешке чыккан Назира Марсбек кызы (59 кг) коло байге үчүн таймашып, жеңилип калды. Күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты 12-августта башталган. Кыз-келиндер арасында мелдешке Кыргызстандан үч балбан барган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты