Сапар Исаков ооруканага которулду

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага которулганын билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Исаковдун абалы начарлап, дарыгерлер консилиум өткөрүшкөн. Ага “кырарка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлду. Айрым маалымат каражаттары Исаков инсульт алганын жазып чыгышты. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты