Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун кароо 19-августка калтырылды

  • 5 лет мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун кароону 19-августка калтырды. Буга ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн сот процессине келбегени себеп болду. Адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин өзү да сот залына алынып келиши керектигин белгилеп жатат.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган. Бүгүн шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты