Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн жакындары нааразычылык акциясына чыгышты

  • 5 лет мурун

Баткен шаарында облустук прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалып турган Мелис Калыковдун жакындары нааразылык акциясына чогулду. Акция облустук акимчиликке жакын жерде өтүп жатат. Алар ишти судья Жолборс Кудаяров эмес, башка сот карасын деген талап коюшууда. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

«Жолборс Кудаяровдун үстүнөн прокуратура мурда козголгон үч кылмыш ишин жандантты. Ошондуктан бул судья прокуратурага көз каранды», — дейт шектүүнүн эжеси Дарика Калыкова.

Учурда аянтка жүзгө жакын киши чогулду.

Кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылып, 9-августтан тартып тамактан баш тарткан. Ал 14-августта ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотконун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты