Аида Салянова үй камагына чыкты

  • 5 лет мурун

Абакта жаткан мурдагы Башпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камакка чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Салянова «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин 2013-жылы мыйзамсыз түрмөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген.

Жактоочулары Саляновада эки жүрөк кемтиги бар экенин, андан башка өпкөсүнө суук тийгенин айтып, үй камакка чыгарууну өтүнүп келишкен.

ИИМ болсо Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макул болгонуна байланыштуу бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн кабарлады.

Сүрөт: Акипресстики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты