​Бишкек эркин экономикалык аймагында абал кандай?

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта, Бишкек эркин экономикалык аймагында экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Салкын» ЖЧКсынын байпак чыгаруу ишканасынын жетекчиси ишканага 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылганын айтты. Продукциянын көп бөлүгү Казакстан жана Россиянын базарларына жөнөтүлөт. 200 киши жумуш менен камсыз болгон.

Жээнбеков ошондой эле желим, боёк, курулуш материалдарын жана жалаякшымдарды чыгарган «Пейванд» ЖЧКсынын иши менен да таанышты. Мында 18 киши иштейт, продукциялар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга жөнөтүлөт.

Андан соң Президент айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюм, материал жана түтүк өндүрүүчү «Корона» ишканасына барды. Анда 15 киши иштейт. Жарым жылда чыгарылган продукциянын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашкан.

Ишкерлер айткан көйгөйлүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар бериле турганы белгиленди.

Ишканаларды кыдырууга Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов, экономика министри Санжар Муканбетов, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты