​Равшан Жээнбеков сурак берип чыкты

  • 5 лет мурун

Саясатчы Равшан Жээнбеков ИИМдин тергөө кызматына сурак берип чыкты.

Жээнбеков тергөөчүлөр андан 7-августтагы Кой-Таштагы окуя тууралуу сураганын ЖМКга билдирди.

-Мен билгенимдин баарын айтып бердим. ЖМКга чыккан видеонун баарын бердик. Ал жакта мен атайын отряддын балдарын сактаганга, «Тез жардамга» чыгарып кеткенге жардам бергеним көрүнүп турат.

Мени бүгүн коё беришти, бирок эртең да суракка барам,- деди ал.

Буга чейин Жээнбеков аны барымтага алуу беренеси боюнча милиция кармаганы жатканын билдирген.

7-8- августта Кой-Ташта күч структуралары Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөрдү. Анда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. Алты жоокер барымтага алынды.

Равшан Жээнбеков да ошол күндөрдө Кой-Ташта болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты