​ЕККУ өкүлүнүн «Апрель» каналы боюнча билдирүүсүнө ТИМ жооп берди

  • 5 лет мурун

ЕККУ өкүлү Арлем Дезирдин «Апрель» телеканалы боюнча билдирүүсүнө Тышкы иштер министрлиги жооп берди.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот органдары «Апрель» телеканалынын ээсинин мүлкүн камакка алды, анын ээси оор кылмыштарга шектелип жатат.

Аталган телеканалдын мүлкү алардын редакциялык саясатына, телеканалдын мазмунуна же алардын бийликке карата көз карашына карата камакка алынган жок. Оппозициялык багытына карабастан, «Апрель» телеканалы чыга баштагандан бери бир да жолу куугунтукка же чектөөгө алынган эмес.

Сөз эркиндигине жана эркин теле берүүгө эч кандай чектөө жок.

Кыргыз Республикасы ЕККУ милдеттенмелерине ылайык, демократия принциптерине, анын ичинде адам укугуна, сөз эркиндигине, ЖМКнын ар түрдүүлүгүнө кыйшаюусуз ыктаганын көрсөтүп келет» деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Тергөө органдары 9-августта “Форум” ишканасын жапты. Кечинде атайын түзүмдүн жоокерлери келип, ошол имаратта жайгашкан телекомпания офисин жапкан. Ошону менен телеканалдын иши токтотулган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ЖМК эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир бийликти “Апрель” телеканалынан камакты алып салууга чакырды.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине карата басым катары баалады.

Кыргызстандын медиа уюмдары жана көз каранды эмес ЖМКсы 10-августта “Апрель” телеканалынын жабылышына каршы, сөз эркиндигин жактап чыгышты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат департаменти «Апрель” каналынын теле берүүсү телеканалдын ээсинин мүлкү камакка алынгандыгына байланыштуу токтотулганын билдирди. Бул телеканалдын редакциялык саясаты, телеканалдын мазмуну же алардын бийликке көз карашына карата болгон жок» деп белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты