​Токмок шаарынын прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

Токмок шаарынын прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты 13-августта А.К. аттуу жарандын кайрылуусу боюнча УКМК тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, пара талап кылуу боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Токмок шаардык прокурорунун улук жардамчысы жергиликтүү ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен бирге А.К дан 15 миң доллар пара талап кылган.

Анда А.К.нын жолдошу Кытай жараны, аталган ишканада мыйзамдуу эмгектенип жатканына карабастан, КР аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алган деп коркуткан.

Пара бербесе чет элдик жаранды депортация кылуу максатында тергөө органдарына берүүчү материалдар бар экендигин айткан.

14-августта УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Баш прокуратуранын ички тергөө бөлүмү менен бирге Токмок шаарында К.Т. 3 миң доллар алып алып жаткан учурда кармады.

Ошондой эле ишкананын кызматкери М.Т. пара талап кылууда жана алууда ортомчу болгону үчүн кармалды.

Адлар УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты