Асановдун иши тергелип бүткүчө министр Жунушалиевди кызматтан четтете туруу талабы коюлду

  • 5 лет мурун

Адвокат Икрамидин Айткулов Курсан Асановдун иши тергелип жатканда министр Кашкар Жунушалиевди кызматтан четтете туруу талабы менен Президентке, премьер- министрге кайрылуу жолдоду.

Адвокаттын айтымында, ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу эмнегедир алгач басма сөздө жарыяланып, андан кийин аны кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине алууга негиз болду.

Кызматтык иликтөө шашылыш жүргүзүлдү жана корутундусу да шашылыш чыгарылды.

Кызматтык иликтөө талаптагыдай болгон жок жана Курсан Асановдун түшүнүк каты жана башкалардын көрсөтмөсү болгон жок.

Кызматтык иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Курсан Асановду кызматтык кылмыш кылган деп айыптап жатышат.

Ал эми бул корутундуну текшербей жана ЖМКга жарыялап, ИИМ министри өзү кызмат абалынан кыянат пайдаланды, Конституциянын күнөөсүздүк презумпциясын сактаган жок.

Икрамидин Айткулов министр Кашкар Жунушалиев кесиптик милдетин так аткарган орун басары Курсан Асановду жаманатты кылууга барды деп эсептейт.

Ошондон улам жактоочу Айткулов өлкөнүн Президентине, премьер-министрине Курсан Асановдун иши иликтенип жаткан мезгилде тергөөнү объективдүү жүргүзүү үчүн министр Жунушалиевди кызматтан четтете туруу өтүнүчү менен кайрылды.

Себеби бул окуядагы күбөлөр милиция кызматкерлери болгондуктан, кызмат абалынан пайдаланып, аларга кысым болушу мүмкүн.

13-августта Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын сатты, ишенимден кетти деп ички иштер министрлигинен бошотулган.

Министрдин мурдагы орун басарынын ишин баш прокуратура аскер прокуратурасына өткөрдү.

Курсан Асанов кызматтан алынгандан кийин «Мен кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм. Жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мундирдин баркы жана генералдын сөзү мен үчүн курулай сөз эмес» деп билдирди.

Анын ордуна Памирбек Асанов ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты