Усубалиевдин ысмын эски аянтка жана тоонун чокусуна ыйгаруу жагы иштелип жатат

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитет мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Турдакун Усубалиевдин жашоосу жана эмгек жолу ал үчүн жана бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн үлгү экенин билдирди.

«Турдакун Усубалиев өзүнө байлык топтогон жок, болгон күчүн элге жана мамлекетке арнаган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн пландык экономика мезгилинде иштегенине карабастан, Турдакун Усубалиев рынок экономикасын эң сонун түшүнчү жана тигил же бул маселелер боюнча өз сунуштарын берип турчу», — деп айтты Жээнбеков.

Биринчи вице-премьер-министр, уюштуруу комитетинин төрагасы Кубатбек Боронов Усубалиевдин ысмын Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна жана Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу маселеси иштелип чыгып жатканын билдирди.

Турдакун Усубалиевдин небереси — Эрмек Усубалиев жана уюштуруу комитетинин мүчөсү Шамшыбек Медетбеков 100 жылдык мааракени өткөрүү демилгеси учүн Президентке ыраазычылык билдиришти.

Эрмек Усубалиев бардык иш-чараларды чоң атасынын стилинде — жөнөкөй жана ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүү өтүнүчүн билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Превью сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты