Опумбаев: «Сегизбаев Кой-Ташта эч кандай жаракат алган эмес»

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Ташта эч кандай жаракат албаганын билдирди.

Бул тууралуу УКМК төрагасы Опумбаев басма сөз жыйынында айтты.

-Жергиликтүү кишилерден бир да киши куралдан ок жеген эмес. Сегизбаев эч кандай жаракат алган эмес. Балким качып бара жатып, буту көгөрүп калса керек, — деп айтты Опумбаев.

Андан ары Опумбаев Атамбаев мамлекеттик төңкөруш жасайм дегенин билдирди.

Ошондой эле биздин ишибиз Атамбаевдин штабына айтылып турду. Сегизбаев, Исраилов ошол айтканы үчүн штабдан акча алып турушкан, -деди УКМК төрагасы пресс-конференцияда.

Ал эми бул айткандарды «Азаттыкка» бул айткандарды УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев мындайча комментарийледи:

— УКМКнын төрагасынын басма сөз жыйынын көрүп, бул адамдын бир да сөзүнө ишенүүгө болбосун түшүндүм. Мен ошол күнү (7-август) айылда болчумун. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар жарыла баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак балдарга ок атылып жатыптыр. Мен спецназдарга кайрылып, «атпагыла» деп эки-үч жолу кыйкарганда эле бирэки үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийип, жаракат алдым, -деди Сегизбаев.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир нече оор кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты