​Жамшитов: «7-8-августта козголгон кылмыш иштери Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө»

  • 5 лет мурун

-7-8-августта козголгон кылмыш иштери Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө, -деп билдирди баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүнкү, 13-августтагы, пресс-конференцияда.

Жамшитов Кой-Таштагы окуялар Бишкекте, Ала-Тоо аянтында улантылганын билдирди.

—7-6-августтагы Кой-Таштагы окуялар 8-августта Бишкекте, Ала Тоо аянтында улантылган.

Тоноочулук, мародерлук аракеттери жасалган. Алдын-ала сүйлөшүлүп жүргүзүлгөн аракет болгон.

Бул окуя боюнча күбөлөр суралып, тийиштүү сурак жүргүзүлөт.

7-8-августта козголгон кылмыш иштери Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө. Жээнбеков бул боюнча кылмыш иштерин мыйзам чегинде кароону жана чечим кабыл алууну талап кылды. Бирөөнүн кызыкчылыгын көздөө же өч алуу максатында эмес, объективдүү кароону талап кылды,- деди баш прокурор Жамшитов.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир нече оор кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Кийин ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты