​Кой-Таш окуясы боюнча 8 кылмыш иши козголду

  • 5 лет мурун

7-августта Кой-Таштагы окуя боюнча жалпы 8 факты боюнча кылмыш жана жоруктардын реестрине жазык иши катталган.

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, басма сөз жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, кылмышты тергөө ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

«Альфа» тобунун 6 кызматкерин барымтага алуу, массалык баш аламандыкты уюштуруу, киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет, ээнбаштык боюнча 8 жазык иши катталган.

Ниязовго, Исмаиловго, Жамгырчиевге, Кылычовго, Шаменовго Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси, 244-беренеси, барымтага алуу, массалык баш аламандыкты уюштуруу,киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет, ээнбаштык боюнча кылмыш иши козголуп, аталган адамдар 8-октябрга чейин СИЗО-1 камак жайына камалган.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты