​Ош облусунда жер титиреди

  • 5 лет мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-августта саат 23:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой айылдарында — 5 балл, Салам-Алик айылында-4,5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын — ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты