​Аз алкоголдуу, сергитүүчү ичимдикке тыюу салуу сунушталууда

  • 5 лет мурун

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аз алкоголдуу, сергитүүчү суусундуктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде 2017-жылы Россияда этил спирти жана сергитүүчү заттары бар алкоголдук продукцияларга тыюу салынаны жана бул сыяктуу ичимдиктердин зыяны айтылган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, аз алкоголдуу, сергитүүчү ичимдиктердин терс таасирин эске алып, Кыргызстанда да ушундай эле чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты