​ИИМ: Түрмөдө жатып алып Атамбаевдин тарапташтарына бийлик атынан чалгандар кармалды

  • 5 лет мурун

ИИМ кызматкерлери тарабынан түрмөдө жатып алып президенттик администрациянын атынан ЖКнын депутатына, КСДП басма сөз-катчысына жана министрликтерге, мамлекеттик органдарга телефон чалуу кылмышына шектелгендер аныкталды.

Аталган факт боюнча Ички иштер министрлиги ыкчам иш- аракеттерди жүргүзүп, телефон чалгандар кимдер экендигин аныктап, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Жаза аткаруу №1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Темир Калмырзаев өзү менен кошо алдамчылык менен соттолуп жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Талгат Игисиновдун телефонун алып, ошол телефон менен президенттик администрациянын жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, коомубузда болуп жаткан көрүнүштөргө карата алдамчылык менен ар кандай жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Темир Калмырзаев кимдерге чалгандыгын, алардын аты-жөнүн толук жазып берди.

Темир Калмырзаев ЖК депутаты А.Кодурановага президенттик администрациянын жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берип, ал-ахыбалын сураган.

Ошондой эле КСДП өкүлу Кундуз Жолдубаевага телефон чалып, анын да ахыбалын сурап, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

Андан сырткары Темир Калмырзаев түрмөдө жатып алып ЖК мурдагы депутаты Г. Молдобековага, Транспорт министрлигинин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу жетекчи кызматына, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып, алардан кандай иштер аткарылат деп бардык маалыматтарды алып турган.

Темир Калмырзаев менен Талгат Игисинов түрмөдө жазасын өтөп жаткандар үчүн өзүнчө жайга алынды жана ал сүйлөшкөн телефондор күбө далил катары алынды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүүдө.

Эгерде кимдир бирөөлөр аталган кылмышкерлердин ушундай алдамчылыгына дуушар болсо, жабыркаган болсо ИИМдин криминалдык милициясына 0-312 26-62-61, кайрылыңыздар.

Ошондой эле, Кыргызстандын ар жараны кандайдыр бир кооптуу жана жардам берүү тууралуу телефон чалуулар болсо, сөзсүз кайра текшериңиздер, кооптонуу бар болсо ИИМге кайрылыңыздар

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүүдө. Эгерде кимдир бирөөлөр аталган кылмышкерлердин ушундай алдамчылыгына дуушар болсо, жабыркаган болсо ИИМдин криминалдык милициясына 0-312 26-62-61, кайрылыңыздар. Ошондой эле, Кыргызстандын ар жараны кандайдыр бир кооптуу жана жардам берүү тууралуу телефон чалуулар болсо, сөзсүз кайра текшериңиздер, кооптонуу бар болсо ИИМге кайрылыңыздар



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты