​Жалал-Абадда мөмө-жемиш арасына ири өлчөмдө баңгизат алып баратышкан

  • 5 лет мурун

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына мөмө-жемиш салып бараткан жүк ташуучу унаадан 44, 3 кг келген 93 брикет баңги затын табышты.

Бул маалыматты Баткен милициясы билдирип, аны ИИМ тастыктады.

Беткендин милициясына Үч-Коргон айылында жүк ташуучу унаа арасына ири өлчөмдөгү баңгизат жүктөлгөнү боюнча маалымат түшкөн.

Болжолдуу маалыматтарга караганда жогорку сапаттагы 44,3 килограмм турган 93 брикет героин Россияга, андан ары Европага жиберилгени жаткан.

Милиция жүк ташыган унаа ээсин аныктап, аны издеп жатат.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты