​Москвада митинг болду

  • 5 лет мурун

Москвада бүгүн, 10-августта, оппозициялык талапкерлерди Москва думасына шайлоого талапкер катары каттабай койгондугуна каршы митинг болду.

РИА Новости агенттиги борбордун ички иштер борборунун маалыматына таянып, митингге 20 миңдей киши катышканын билдирди.

Борбордун бийлиги Сахаров проспектисинде 10-11-августта 100 миңге чейин киши катыша турган митингге уруксат берген.

Митинг өткөрүүгө арыз бергендердин арасында Мосдумага катталбай калган Елена Русакова (“Яблоко” партиясынын өкүлү) менен Денис Шендерович, талапкер катары катталган Дмитрий Клочков, Геннадий Гудковдун штабынан Эльвира Вихарева бар.

Бирок кийин Вихарева 11-августтагы митингден уюштуруучулардын бир катары баш тартышканын билдирди. Себеби митингден кийин айрымдар ЖМКда “эркин эс алабыз” деп билдирген. Бул — уюштуруучулардын жоопкерчилдигинде болмокчу.

Москва мамдумасына шайлоо 8-сентябрда болот. Шайлоо комиссиясы 233 талапкерди каттаган, 57 талапкерди каттоодон баш тарткан. Алардын кол топтоосунан шайлоо комиссиясы көптөгөн мыйзам бузууларды тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты