​Солтон-Сарыда чогулгандар боз үйлөрүн чечип, тарап кетишти

  • 5 лет мурун

Нарын облусунда абал туруктуу. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-август күнү кечке маал Нарын облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Кара-Чий айылынын жанында чогулган эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу бир нече сүйлөшүүлөрдөн соң боз үйлөрүн чечип, тарап кетишкен.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» кытай компаниясынын ишине тийиштүү маселе боюнча чогулган элдин лидерлери менен бир нече ирет жолугуп сүйлөшкөн.

Эл Солтон-Сары кениндеги маселе боюнча гана чогулганын, андан башка максаты жок экенин билдирген.

Топтолгон эл боз үйлөрүн чечип, тарап кетишти.

Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулуп, кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Жергиликтүү калк менен кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Анын натыйжасында жабыркагандар ооруканага жаткырылган.

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты