​Бишкекте салык мыйзамын бузгандар аныкталды

  • 5 лет мурун

Салык кызматы Бишкек шаарында өткөрүлгөн үч күндүк рейддик салыктык көзөмөлдүн жыйынтыгында салык мыйзамын бузгандарды аныктады.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Бильярд клубунда, мончо, сауна, сулуулук салону, унаа жуучу жайларда, акча алмаштыруу бюролордо жана стоматологияда кызмат көрсөткөн бир катар субъекттердин салык мыйзамын бузгандыгы ачыкка чыкты.

68 субъект текшерүүгө алынып, анын 19унда 250,8 миң сомго ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде милдеттүү патенттин жоктугу жана төмөндөтүлүшү, милдеттүү патенттөөгө тийиштүү ишкердик чөйрөдө эмгектенген 49 кызматкердин патенти жоктугу белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты