Баш аламандыктан Бишкек шаары зыян тартты

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары 8-9-августтагы окуялардан болжолдуу эсептер боюнча 110 миң сомго жакын материалдык зыян тартты.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

84 металл тосмосу, үч контейнер, Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары, автобус терезелери ж.б. мүлк сындырылып зыянга учураган.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча баш 8-9- августтагы баш аламандыктан келтирилген материалдык зыяндын суммасы болжол менен 110 миң сомго жакын.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты