​Никол Пашинян Кыргызстанга алгачкы жолу келди

  • 5 лет мурун

Никол Пашинян Кыргызстанга алгачкы жолу келди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма соз кызматы билдирди.

Никол Пашинян бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы сапары экенин белгиледи.

«Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы конструктивдүү кызматташууну улантышыбыз керек» деп белгиледи Армениянын премьер-министри.

Жээнбеков жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ошондой эле ЕАЭБдин алкагында кызматташуу, ВСП+ статусунун артыкчылыктары, Евросоюз менен кызматташуу, санариптештирүү тармагында тажрыйба алмашуу, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты