Бабанов Бишкекке келе жатат

  • 5 лет мурун

«Республика-Ата журт» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке келе жатат.

Кечээ, 8-августта, бул тууралуу Бабанов фейсбук баракчасына жазган.

Аэропорттон аны тосууга Жогорку Кенеш депутаттары Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев жана анын колдоочулары барышарын ЖМК маалымдады.

Өмүрбек Бабанов 13-апрелде келем деп, бирок чагымчылдык уюштурула турганы тууралуу маалымат алдым деп, акыркы учурда баш тарткан.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Президенттик шайлоодон кийин Бабанов тарапташтарын бийлик тынч коюшу үчүн өлкөдөн чыгып кетип, партиядагы мандатын ташпырып жана саясатка бир жыл аралашпай коюу шартын аткарганын НТС каналына интервьюсунда айтты.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты