​Бишкекте түндө баш аламандыктар болду

  • 5 лет мурун

Бишкектин ар кайсыл жерлеринде түндө баш аламандыктар болуп жатканын социалдык тармак колдонуучулары жазышты. «Коопсуз шаардын» көзөмөл камералары талкаланганы айтылууда.

9-августка караган түнү милиция борбордук Ала-Тоо аянтында топтолгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу заттарды колдонгон.

Чогулгандар Ак үйдүн жанына топтолушту. Жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышкан.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экени айтылууда. Кээ бирлеринин колунда союл болгон.

Ички иштер министрлиги шаар толук көзөмөлдө экенин билдирди.

8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кеткен.

КСДП өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты