​Атамбаев 7-августта үйүндөгү бункеринде жашырынып жаткан

  • 5 лет мурун

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев депутат Жанар Акаевдин Атамбаевдин куралданып жатканын билген эмес белеңер деген суроосуна жооп берип, Атамбаев Кой-Ташта үйүнүн үчүнчү кабатында бункерде жатканын, ошондуктан тартып алынган куралды кайра алууга мүмкүн болбогонун билдирди.

-Үйүндө бункери бар экенин билгенбиз деди. Бирок Атамбаев күзөт кызматы менен ал жакка кирип кеткенин, алып чыгууга мүмкүн болбогонун айтты.

Атамбаевди эки кайтаруучу Улуттук коопсуздук комитетинин штатында формалдуу гана турганын, бирок аларды мурдагы президент өзү тандаганын, алар Атамбаевге баш ийе турганын кошумчалап кетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты