Жээнбеков: «Бул — эки адамдын каршылашы эмес»

Бүгүнкү, 8-августтагы, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты жана сөз сүйлөдү.

Президент Жээнбеков Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мыйзамдарын одоно бузду деп Коргоо Кенешинин жыйынындагы айткандарын кайталады.

«Атамбаев мыйзамдарды одоно четке какты, мыйзам талаасынан чыгып кетти» деп билдирди.

Президент кечээ, Кой-Ташта каза болгон жоокердин жакындарына, анын апасына көңүл айтты.

«Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздыгын көрсөттү» деген ачуу сынга карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлгөн жок.

Кырдаалды мындан ары курчутпоого аракет кылдык» деди Жээнбеков.

«Кечээки күнгө чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат».

«Айрым күчтөр бул процессти Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке тирешүүсү деп жатышат.

Бул эки адамдын тиреши эмес.

Бул — коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш» деди мамлекет башчы.

Бүгүн Жогорку Кенештин кезексиз сессиясы Кой- Таштагы окуяны талкуулады.

7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция болуп өткөн. Анда 40 тан ашык киши жарадар болуп, атайын отряддын бир кызматкери каза тапты. 6 атайын отряд мүчөлөрүн Атамбаевдин тарапташтары барымтага алышкан.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти.

Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты