​Алмазбек Атамбаев: “Мөөнөтсүз митинг башталат”

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мөөнөтсүз митинг башталаарын билдирди.

“Биз саат 16:00 ларда “Форумдун алдында митинг баштайбыз. Кечээ кармоо аракети болду, бийлик эми башка жагына оодарылды. Анда Атамбаевдин гана куралы болгон.

Баш прокуратура мыйзамды билбейби же билмексен болуп жатабы-менин үйүм соттун чечимине чейин мамлекеттик кайтарууда, бул жакка күч түзүмдөрүнүн кирүүгө укугу жок” деди Алмазбек Атамбаев журналисттерге.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти.

Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты