УКМК жетекчиси Опумбаевдин отставкасын талап кылышууда

  • 5 лет мурун

Депутаттар Дастан Бекешов, Алмамбет Шыкмаматова, Жанар Акаев саясий ишмер Феликс Кулов, жана башкалар ЖМКга берген маалыматтында 7-августтагы Кой-Таштагы операцияны тиешелүү деңгээлде өткөрө албаган Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаевдин отставкасын талап кылышууда.

«Бул күч органдарынын шалаакы аракети болуп калды. Мындай ишти таңга маал кылыш керек болчу. Курмандыктар болбош үчүн объектиде эмне болуп жаткандыгы тууралуу толук маалымат керек эле. Ушундай оор кырдаалга кептелген балдарга боорум ооруп жатат», деди Кулов.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматов Атамбаевди кармоо операциясындагы шалаакылыгы үчүн, тараптарды кагылышууга жол берип, күч түзүмдөрүн дискредитация кылганы үчүн күч органдарынын бардык жетекчилери бүгүнтөн калбай кызматын тапшырышы зарыл экенин билдирди.

Фейсбук баракчасынын колдонуучулары да УКМК төрагасы Орозбек Омупбаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.




Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты