​Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын чакырышы ыктымал

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы окуяга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулушу ыктымал.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жана депутат Дастан Бекешев фейсбук баракчасында билдирди.

Бекешев кезексиз жыйын чакырууну демилгелеш үчүн 40 добуш керек болорун, добуш топтоло турганы белгилүү болуп калганын да кошумчалады.

Жогорку Кеңеш депутаттары 27-июнда күзгө чейин каникулга тарашкан.

7-августта Кой-Ташта күч органдары Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп, анын натыйжасында бир нече ондогон киши жабыркап ооруканага түштү, атайын отряддын кызматкери каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты