​Лукашенконун Бакиев менен жолугушуусун жарыялаганы үчүн Беларуска ТИМ нота тапшырды

  • 5 лет мурун

7-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Сергей Ивановду чакырды.

Жолугушууда Беларустун Президенти Александр Лукашенконун Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугушуусун расмий сайтына жарыялаганы үчүн нота тапшырды.

Анда Кыргыз Республикасында соттолуучу киши менен көрүнөө расмий байланышка барып жатканына каршылык билдирилген.

Андай жолугушууларда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасын колдонууга болбой тургандыгы жана андай жолугушуулар кыргыз-беларус достугунун принциптерине туура келбей тургандыгы эскертилди.

Кыргыз тарап Беларусь бийлигин бул көрүнүшкө мамилесин өзгөртүүнү жана эки тараптуу кызматташтыктын алгылыктуу күн тартибине көңүл бурууну өтүндү.

УКМК «Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун» белгилеген.

Курманбек Бакиев 2005-жылы бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин качып кеткен.

Учурда Беларуста жашайт.

30-июлда Кыргызстандын НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында Бакиевди жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты