​Дача-СУ кырсыгында куткаруучулар чөнтөк телефондорду терип алган деп шектелүүдө

  • 5 лет мурун

Ички иштер министрлиги Дача-СУда кулаган учактан чөнтөк телефондорду терип алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Министрликтин алты кызматкерине 31-июлда өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча айып тагылууда.

2017-жылдын 16-январында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» жүк ташуучу учагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон. Кырсыкта куткаруу иштерине ӨКМдин кызматкерлери да тартылган.

«Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган.

Учактан түшкөн жүк арасынан гаджеттер үчүн пайдалана турган кыргыз тилиндеги нускамалар, электрондук жабдууларды колдонуу боюнча кыргызча документтер табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты