​Тѳѳ- Ашуу убактылуу жабылып турат

  • 5 лет мурун

8-августтан 5-сентябрга чейин Бишкек-Ош автожолундагы Кѳлбаев атындагы туннелинде (Тѳѳ -Ашуу) желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу транспорт каражаттарынын туннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлѳт.

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Желдетүү системасын ремонттоо жыл сайын пландуу түрдѳ жылдын ушул мезгилинде ѳткѳрүлѳт.

Транспорт каражаттарынын ѳтүү графиги:

1. 08:00-09:30 с. –оңдоо иштери (жабык)

2. 9:30-14:00 с. Транспорт каражаттары ѳткѳрүү (ачык)

3.14:00-15:30 с –оңдоо иштери (жабык)

4. 15:30-08:00 с. Транспорт каражаттары ѳткѳрүү (ачык)

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты