​Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши убактылуу токтотулду

  • 5 лет мурун

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Чечим Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын корутундусунун негизинде кабыл алынды.

5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулуп, кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын ишин токтотууну талап кылган.

Жергиликтүү калк менен кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Анын натыйжасында жабыркагандар ооруканага жаткырылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыдагы окуя боюнча кеңешме өткөрүп, «Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек» деп билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуп, Солтон-Сарыдагы окуяны талкуулады.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сарыдагы абал боюнча билдирүү таратты.

Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов барып жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Боронов белгилегендей, жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты