Чек арадан 52 миң бөтөлкө пиво жана 20 тонна түтүк ташууда мыйзам бузулган

  • 5 лет мурун

Салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында товарларды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок пиво, түтүктөрдү жана унаанын кошумча бөлүктөрүн ташып келүүнү аныктаган.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Чоң-Капка автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунан 870 миң сомдон ашуун суммада 0,5 литр идиштеги 52 миң бөтөлкө пиво (Жигулевское Шымкент, Шымкентское Pilsner Классическое) алып келе жаткан 2 машина кармалды.

Ошол эле өткөрмө пунктунан болжол менен 1,5 млн сом суммасындагы 20,3 тонна түтүк (НКТ) ташып келинген факты аныкталды.

«Ак-Тилек авто жолу» өткөрмө пунктунан 1798 даана 240 миң сомдон ашуун суммада унаанын кошумча бөлүктөрүн алып келе жаткандар кармалды.

Бул фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты