​Солтон-Сары кениндеги лицензияларды ким жана качан берген? Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын өкмөтү Солтон-Сары кенине лицензияны ким бергендиги боюнча түшүндүрмө берди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кеңири маалымат берди.

Солтон-Сары кенин иштеткен «Zhong Ji Mining Company» кандай компания?

«Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт

«Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет. Кен – Бучук жана Алтын -Төр деген 2 участоктон турат.

Коомдун жетекчиси: КЭР жараны — Сюй Говей;

Коомдун түзүүчүсү: «ЧАЙНА ГОЛД ГОНКОНГ БУЧУК МАЙНИНГ КОМПАНИ ЛИМИТЕД» Компаниясы — 100%.

Солтон-Сары кенин иштетүүгө лицензияны кайсы мекеме жана кимдер берген?

1) Компаниянын лицензиялары жана ишмердүүлүгү

1.№ 2387 АР лицензиясы — Солтон-Сары кенинин Бучук аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2009-жылдын 20-декабрынан 2020-жылдын 2-февралына чейинки мөөнөткө берилген.

Биринчи лицензия 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.З.Курманалиев тарабынан берилген.

Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев берген.

Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган Өкмөттүн мезгилинде алган.

Аянты – 1500 га;

Жалпы төлөмдөр 211,9 млн сом, алардын ичинде:

Бонус- 49,3 млн сом;

ПУЛ- 8,0 млн сом;

Айыл чарба жоготуулары — 105,97 млн сом.

«Zhong Ji Minig Company» ЖЧКсынын 2012-жылдан 2019-жылга чейин жогорудагы лицензиялар боюнча лицензияларды кармап калуу төлөмүнө тийиштүү 900 000 сом бөлүнгөн.

2. 3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Лицензияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы И.К.Чунуевден алышкан.

Аянты — 44,07 га.

С2 категориясы боюнча камы:

Кендин көлөмү – 3571,9 миң тонна;

Орточо камтылган алтын – 3,49 г/т,

Алтындын жалпы көлөмү – 12052,88 кг.

Ошону менен бирге 745 221 АКШ доллары өлчөмүндө бонус төлөнгөн.

Белгилей кетсек, 05.08.2015-ж. коомдор кайра каттоодон өткөн, коомдордун катышуучуларынын курамынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 745 221,4 АКШ доллары өлчөмүндө бонус кайрадан төлөнгөн.

2018-жылы компания 210,83 миң м3 көлөмдүү тилкеде казуу иштерин жүргүзгөн. 2019-жылга алтын казуу планы – 1306,3 кг; 2020-жылга чейин жана андан ары карай 2094 кг.

2018-жылга капиталдык салымдар – 346 268,6 миң сом.

«Zhong Ji Mining Company» ЖЧКсынын 2013-жылдан 2019-жылга чейин жогорудагы лицензиялар боюнча лицензияларды кармап калуу төлөмүнө тийиштүү 19 696,24 сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күнү компаниянын инфратүзүм объекттеринде жолдордун курулушу, фабрика жана башка курулмаларда жалпысынан 473 адам иштейт, анын ичинде 301 Кыргыз Республикасынын жараны (135 Миң-Булак, Нарын шаарынын 40 жараны жана башка), 126 субподрядчы жана 172 КЭР жараны бар.

3) Коомдук угуулар

Компаниянын иши тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында 2018-жылы мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Эмгекчил жана Миң-Булак айыл аймактарынын жашоочулары менен бир нече ирет жолугушканын белгилеп кетүү зарыл.

2018-жылдын 18-апрелинде Миң-Булак айыл аймагында ушул айыл аймагынын жашоочулары менен кезектеги жолугушуунун жыйынтыгы менен 564,9 га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Протокол жана айыл өкмөттүн чечими түзүлгөн.

2018-жылдын 15-майында Эмгекчил аймагында ушул айыл аймагынын жашоочулары менен кезектеги жолугушуунун жыйынтыгы менен 391,2 га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Протокол жана айыл өкмөттүн чечими түзүлгөн.

Көрсөтүлгөн чечимдердин негизинде Нарын жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берилген.

5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулуп, кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын ишин токтотууну талап кылган. Айрым маалыматтарда чогулгандардын саны 300 десе, айрымдарында 500 болгон деп айтылат.

Жергиликтүү калк менен кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Анын натыйжасында жабыркагандар ооруканага жаткырылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыдагы окуя боюнча кеңешме өткөрүп, «Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек» деп билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай элчиси Ду Дэвэньменен жолугушуп, Солтон-Сарыдагы окуяны талкуулады.

Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов барып жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери Нарын облустук ооруканасынан чыгарылды. Бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты