​Аймактык китепканада балдарды өнүктүрүү борбору иш алып барат

  • 5 лет мурун

Аймактык китепкана базасында балдарды жаштайынан өнүктүрүүнүн пилоттук борборлорун түзүү планы бекитилди.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

9 аймактык китепканада пилоттук режимде мындай борборлор ачылган, алар өнүктүрүүчү окуу материалдары менен жабдылып, балдар менен иштөө боюнча атайын тренингден өтүшкөн.

Бул борборлор 400 баланы камтыйт. Мындан ары бул өңдүү борборлорду дагы 40 аймактык китепканада ачуу пландаштырылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты