Нарында жер титиреди
- 5 лет мурун
Нарында кечээ, 5-августта, саат 22:53 чамасында эпицентринде 3,8 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынан 80 км түштүк-батышта, Көк-Айгыр айылынан 10 км түштүк-чыгышта, Эселек айылынан 25 км түндүк-чыгышта болду.
Көк-Айгыр айылында 3,5 баллга, Эселек айылында 3 баллга жеткен.
Алдын-ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Муну бөлүшүү