​Абылгазиев: “Окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Солтон-Сары кенине жакын жерде болгон окуя жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматы угулду.

«Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек» деди өкмөт башчы.

Эгер ушул сыяктуу окуялар кайталана берсе, инвесторлор качаарын белгиледи:

«Кайсы бир нерсеге тыюу салууну же кимдир бирөөнү кууп кетирүүнү талап кылуу менен күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбаш керек. Бардык талаштар укуктук негизде чечилүүгө тийиш» деп билдирди Абылгазиев.

Өкмөт башчы жарандар тарабынан 83 пункттан турган талаптар коюлганын айтты.

«Жакында эле биринчи вице-премьер-министр К.Боронов биздин жарандар жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушкан. Анда бардык жүйөлөр угулуп, жарандар тарабынан тоо-кен компанияга карата 83 пункттан турган талаптар коюлуп, алар аткарууга милдеттенген.

Аларды аткарууга мониторинг жүргүзүү үчүн тегеректеги айылдардын жашоочуларынан турган жарандык топ түзүлгөн.

Жергиликтүү бийлик органдары, жарандык топтор ушул милдеттердин сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш.

Анткени көптөгөн суроолордун ичинде компания кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө, жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна жардам көрсөтүүгө, жаратылышты коргоо чараларын күчөтүүгө милдеттенген» деп белгиледи Абылгазиев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты