​Ысык-Көлдө 12 жашар бала «үйлөмө банандан» жыгылып, каза тапты

  • 5 лет мурун

Ысык-Көлдө, Бостери айылында кечээ, 5-августта, болжол менен саат 14 тө 12 жашар бала «үйлөмө банандан» жыгылып каза тапты.

Бул тууралуу Ысык-Көл милициясы билдирди.

Үйлөмө «бананды» чукул бурганда, бала жыгылып, «бананды» айдап бараткан катерге башы тийип, эс-учун жоготуп койгон.

Чолпон-Атага ооруканага алып барганда, бала эсине келбестен реанимация бөлүмүндө каза болуп калды.

Бала Бишкектен барып Ысык-Көлдө ата-энеси менен эс алып жүргөн.

Бул кырсык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, иликтөөгө алынат.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекциясы «үйлөмө банандагы» коопсуздукту текшерүүгө алат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты