​Красноярскиде аскердик кампадагы жарылуудан улам тургундар эвакуацияланууда (Видео)

  • 5 лет мурун

Россияда Красноярск крайындагы Ачин районунда ок-дары сакталган кампа жарылып, жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат.

Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Усска шилтеме берип, Россия 24 каналы билдирди.

Анын айтымында, түрдүү маалыматтар боюнча жарылуулардан бештен сегизге чейин адам жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Бул тасманын 2:04 мүнөтүндө эң чоң жарылууну көрүүгө болот

5-августта Красноярск крайынын Ачин районундагы ок-дары сакталган кампада өрт чыккан.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, өрт 125 жана 152 калибрдеги 40 миңге жакын артиллериялык снаряд жайгашкан эки аянтка жайылган.

Кампа Ачин шаарынан 10 чакырым алыстыктагы Каменка кыштагында жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарылуулардан улам жакынкы айылдардагы «үйлөрдүн терезелери титиреп жатат».

«Интерфакс» кабарлагандай, Каменка кыштагын гана эмес, кампанын айланасындагы 20 чакырым радиустагы башка калктуу конуштардын тургундарын дагы эвакуациялоо пландалууда. Өлкөнүн Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги миңге жакын адам өз алдынча үйлөрүн таштап кетишкенин билдирди. Бул маалыматты кийинчерээк ТАССка Ачин районунун башчысы Илай Ахметов дагы ырастады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты